Кыргызстандык орус тили мугалимдери эл аралык сынакка чакырылды
Кыргызстандын орус тили мугалимдери чет өлкөлүк русисттердин кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык сынагына катыша алышат.
Сынак эки этапта — онлайн жана офлайн форматта өтөт. Алыстан өткөрүлүүчү тандоо этабында жеңишке жетишкендер финалдык баскычка катышуу үчүн Москва шаарына чакырылат.
Финалдык этап 2026-жылдын 15–21-ноябрында А.С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институту базасында өтөт.
Сынактын уюштуруучулары — А.С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институту жана «Русский мир» фонду.
Сынактын максаты — чет өлкөлөрдө орус тилин окуткан мугалимдерди колдоо, окутуунун заманбап усулдарын өнүктүрүү, педагогдордун кесиптик компетенцияларын жогорулатуу жана ар кайсы өлкөлөрдүн адистеринин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү.
Сынакка Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Армениянын, Беларустун, Азербайжандын, Молдованын, Түркмөнстандын жана башка бир катар мамлекеттердин орус тили мугалимдери жана окутуучулары катыша алышат.
Катышуу үчүн 2026-жылдын 15-сентябры, Москва убактысы боюнча саат 23:59га чейин «Орус тилиндеги билим берүү» порталында катталып, анкета толтуруу зарыл.
Сынактын тапшырмалары 17-сентябрдан 11-октябрга чейин өткөрүлөт.
Финалга өткөн катышуучуларга дипломдор тапшырылып, Москва шаарына чакыруу берилет. Жол кире, жатакана жана тамактануу чыгымдарын уюштуруучулар толугу менен каржылайт. Зарыл болгон учурда визалык колдоо да көрсөтүлөт.
Жеңүүчүлөр Москвада өтө турган VII Костомаров форумуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул сапардын жол киреси жана жашоо чыгымдары да уюштуруу комитети тарабынан төлөнөт. Байге ээлерине дипломдор жана атайын сыйлыктар тапшырылат.
