«Манас» Индиянын негизги маалымат каражаттарынын башкы темасына айланды
20 июль

«Манас» Индиянын негизги маалымат каражаттарынын башкы темасына айланды

6-июлда Бишкекте «Манас» улуттук академиясынын демилгеси менен «Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылышы жана кыргыз элинин улуу мурасы - «Манас» эпосунун хинди тилиндеги котормосунун бет ачары болуп өттү. Бул маанилүү маданий окуя Индиянын алдыңкы маалымат каражаттарында, электрондук платформаларында кеңири чагылдырылды.

Иш-чара тууралуу материалдар Индиянын эң абройлуу басылмаларынын бири, үч миллион нуска менен жарык көргөн The Times of India гезитинин, белгилүү Rediff.com маалымат порталынын, көп платформалуу жаңылык булагы болгон News18 сайтынын, ошондой эле Индия улутунун үнү болгон Organiser, GK Today жана башка бир катар маалымат каражаттарынын башкы беттерине жарыяланды.

Бул басылмаларда Кыргызстан тууралуу позитивдүү маалыматтар кеңири чагылдырылып, «Манас» эпосунун дүйнөлүк маданий мурас катары мааниси, кыргыз-индия маданий алакаларынын өнүгүшү жана жаңы түзүлгөн эл аралык борбордун илимий потенциалы тууралуу маалыматтар эл аралык коомчулукка сунушталды.