Ошто кыргыз сүрөт өнөрүнүн баалуу мурасын чагылдырган көргөзмө ачылат
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 18-июнда музей фондунда сакталган көргөзмөнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Көргөзмөдө Кыргызстандын улуу, орто жана жаш муундагы сүрөтчүлөрүнүн акыркы 30–35 жыл ичинде жараткан эмгектери сунушталат.
Экспозицияга негизинен живопись жанрындагы чыгармалар, ошондой эле графика жана скульптуралык эмгектер коюлат.
Келген коноктор кыргыз жаратылышынын кооздугун даңазалаган пейзаждарды, натюрмортторду, белгилүү инсандар менен замандаштардын портреттерин, ошондой эле музейдин фондуна ар кандай чыгармачылык иш-чаралардын негизинде топтолгон чыгармаларды көрө алышат.
Мындан тышкары, көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланып, республикабыздын сүрөтчүлөрүнөн сатылып алынган, ошондой эле сүрөтчүлөр жана алардын мураскорлору тарабынан музейге белекке берилген эмгектер да коюлат.
Экспозицияда Аман Асранкулов, Батыр Жалиев, Асаналы Бейшенов, Мырза Оморкулов, Адыл Байтереков, Мамат Камчыбеков, Тургунбай Ташкузиев, Жылкычы Жакыпов, Петр Куринских, Рыскул Аманов, Салтанат Кайбылдаева, Ырысбай Толонов, Алмасбек Самидинов жана Юристанбек Шыгаев сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары тартууланат.
Белгилей кетсек, көргөзмөдөгү бир катар чыгармалар көрүүчүлөрдүн назарына алгачкы жолу сунушталууда.
