Кыргызстан менен Япония маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт
Маданият министрлиги
16 сентябрь

Кыргызстан менен Япония маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Улуттук тарых музейинде Кыргызстандагы Япониянын элчиси Хирано Рюити менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу 15-сентябрда Маданият министрлигинен кабарлашты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова менен Япониянын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү музей иши жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.

Жолугушууга Япония элчилигинин Экинчи катчысы Танимото Тацуя жана Үчүнчү катчысы Тоёда Хирото да катышты.

Тараптар тарыхый-маданий мурастарды сактоо, реставрациялоо жана коомчулукка кеңири жайылтуу багыттарында тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү жана маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн элдеринин достугун жана маданий байланыштарды чыңдоого болгон өз ара кызыгууну символдоштурган эстелик белектер менен салттуу алмашуу болуп өттү.