Москва шаарында уникалдуу “Манас бурчу” ачылат
"Манас" улуттук академиясы
2 май

Москва шаарында уникалдуу “Манас бурчу” ачылат

Москва шаарында уникалдуу маданий-көркөм мейкиндик –  “Манас бурчу” ачылат. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Бишкекте академия тарабынан долбоордун алгачкы расмий таанытуу иш-чарасы өттү.

Таанытуу иш-чарасы өзгөчө руханий маанайда башталып, манасчы Кулмат Сыдыков “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен баштап берди.

“Манас бурчу” дүйнөнүн 10 өлкөсүндөгү ири китепканаларга жана алдыңкы университеттерге жайгаштырылуучу этникалык дизайндагы маданий долбоор. Ал кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосун эл аралык деңгээлде жайылтууну максат кылат. Бул маданий мейкиндикте “Манас” эпосуна байланыштуу китептер, анын ичинде ар түрдүү басылмалар, изилдөөлөр жана котормолор жайгаштырылып, окурмандар үчүн жеткиликтүү болот.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алгачкы ачылышы 2026-жылдын 15–17-май күндөрү Москва шаарында өтөт. Анын алкагында “Манас бурчу” мейкиндигинин расмий ачылышы, “Кан Манастын кырк чоро” китебинин орус тилиндеги котормосунун бет ачары, ошондой эле илимий симпозиумдар жана жолугушуулар уюштурулары күтүлүүдө.

Бул демилге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий жана академиялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мурастагы ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.