Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жер тилкесин мамлекетке өткөрүү сунушталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жер тилкесин мамлекетке өткөрүү сунушталды

Бишкек мэриясы Чүй проспектиси, 108 дарегинде жайгашкан Сүрөтчүлөр үйүнүн жер тилкесин мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча токтом долбоорун шаардык кеңештин кароосуна киргизди.

Жер тилкесинин аянты 0,11 гектарды түзөт. Аны мамлекеттин менчигине өткөрүү өтүнүчү Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен түшкөн. Тиешелүү кат 2026-жылдын 9-октябрында жөнөтүлгөн.

Мэриянын маалыматына ылайык, жер тилкесин өткөрүп берүү анын укуктук макамын жөнгө салып, жерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган. Токтом долбоору кабыл алынса, бул Бишкектин бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Бирок муниципалдык мүлктүн көлөмү азаят.

Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жер тилкеси 1995-жылдын декабрында Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзуна берилген. Бирок 2026-жылдын 23-февралында мэрия №52 токтому менен мурдагы чечимди жокко чыгарган. Буга имараттын айрым бөлмөлөрү максатсыз пайдаланылып жатканы да себеп катары көрсөтүлгөн.

Сүрөтчүлөр союзу бул чечимге каршы чыгып, 1953-жылы курулган имарат тарыхый жана маданий баалуулукка ээ экенин белгилеген. Союздун өкүлдөрү президентке кайрылып, мэриянын аракеттерин сотто талашкан.

Апрелде Административдик сот мэриянын аракеттерин мыйзамдуу деп тапкан. Августта Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Эми жер тилкесин мамлекеттин менчигине өткөрүү маселесин Бишкек шаардык кеңеши карайт. Долбоор жактырылса, борбор калаанын муниципалдык мүлк объекттеринин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.