Бишкекте бала бакчалар үчүн ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытымы өттү
25 февраль

Бишкекте бала бакчалар үчүн ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытымы өттү

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан бүгүн, 25-февралда мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн ЭТНОСТЕМ (ЭтноSTEAM) багытындагы мультистудия комплектисинин таанытымы өттү. Бул тууралуу аталган комиссиядан кабарлашты. 

Долбоордун негиздөөчүсү Солдатбек Рысбек уулу ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, анын балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу кеңири айтып берди.

Эскерте кетсек, пилоттук долбоор катары Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Москва районунун 15 бала бакчасына ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектиси алынып берилген. Мындай тажрыйба долбоордун натыйжалуулугун көрсөтүп, анын башка аймактарда дагы жайылтылышына жакшы негиз болууда.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга комплексти колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр уюштурулуп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.