Кадамжай районундагы Молдо Нияздын музей комплекси өнүктүрүлөт
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
26 июнь

Кадамжай районундагы Молдо Нияздын музей комплекси өнүктүрүлөт

Кадамжай районундагы кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, жазгыч акын Молдо Нияздын музей комплекси өнүктүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов 25-июнда аталган комплекске барды.

Облус башчысына «Молдо Нияз мурастары» коомдук фондунун жетекчиси Айтмат Аззамжан уулу акындын өмүр жолу, чыгармачылык мурасы жана музейдин бүгүнкү ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген. Анын XIX кылымдагы мектеп-үңкүрү реконструкцияланып, учурда туристтер көп барган тарыхый жайлардын бирине айланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө музей комплексин мындан ары өнүктүрүү, туристтер үчүн кошумча шарттарды түзүү жана анын туристтик потенциалын арттыруу маселелери талкууланды.