Кыргызстан менен Иран маданият багытында кызматташат
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Иран Ислам Республикасынын Маданият жана исламдык багыт берүү министри Сейед Аббас Салехинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран маданий-гуманитардык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулап, маданият, искусство жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо багытындагы кызматташтыктын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти. Ошондой эле чыгармачыл жамааттар менен маданий мекемелердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, кинематография, музей жана китепкана иши, адабият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер маданият ишмерлеринин өз ара алмашууларын активдештирүүгө, көргөзмөлөрдү жана фестивалдарды биргелешип өткөрүүгө, эки өлкөнүн кинематографисттеринин эл аралык кинофестивалдарга катышуусун колдоого, ошондой эле классикалык жана заманбап адабий чыгармаларды өз ара которуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын фарсы тилинде, ал эми перс классикалык адабиятынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилинде басып чыгаруу демилгелери белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Иран Ислам Республикасынын Маданият жана исламдык багыт берүү министри Сейед Аббас Салехи Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Маданият жана исламдык багыт берүү министрлигинин ортосундагы 2026–2029-жылдарга маданият жана искусство жаатындагы алмашуулар программасына кол коюшту.
Документ кыргыз-иран маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө багытталып, музыка, театр, кинематография, китепкана жана музей иши, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, элдик көркөм чыгармачылык, адабият, көргөзмөлөрдү уюштуруу, чыгармачыл жамааттардын өз ара алмашуусу жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу багыттарды камтыйт.
Мындан тышкары, Программага ылайык 2026–2029-жылдары Иран Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн жана Кыргыз Республикасында Иран Ислам Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү каралган.
Кол коюлган Программа эки мамлекеттин ортосундагы маданий диалогду тереңдетүүгө, элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле маданий байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.
