Малайзияда «Бейиш – эненин таманында» тасмасынын кайрымдуулук көрсөтүүсү болуп өттү
2025-жылдын 11-февралында кыргыз режиссеру Руслан Акундун «Бейиш – эненин таманында» тасмасынын Малайзияда расмий түрдө кеңири прокатка чыгуусунун алдында, Куала-Лумпур шаарында кайрымдуулук көрсөтүүсү болуп өттү.
Кино кече Малайзиянын Улуттук Аутизм Коому (NASOM) жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги тарабынан биргеликте уюштурулду.
Көрсөтүүгө жалпысынан 150дөн ашык адам, анын ичинде Малайзияда жашаган мекендештер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрү жана кино сынчылар катышты. Жыйынтыгында тасма көптөгөн оң пикирлерге ээ болду.
Иш-чарадан түшкөн бардык каражаттар аутизм менен ооруган балдарды жана адамдарды колдоого жумшалат.
«Бейиш – эненин таманында» тасмасы Малайзиянын кинотеатрларында 2025-жылдын 13-февралынан тартып көрсөтүлөт. Бул кыргыз тасмасы Түштүк-Чыгыш Азияда биринчи кеңири прокатка чыккан тасма болуп калат.
