Улуттук филармониянын сахнасында Раймалы менен Бегимайдын махабаты тартууланды
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң сахнасында 24-февралда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин тартуулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Көрүүчүлөр бул мюзиклден кыргыздын улуу өнөрүн, маданий баалуулугун, каада-салт, үрп-адатын көрө алышты.
Эң негизгиси бири-бирин чын дилинен сүйүшкөн эки ашык Раймалы менен Бегимайдын махабатына, тагдырына күбө болушту.
