Бишкекке белгилүү вокалдык коуч Карина Купер келди
31 март

Бишкекке белгилүү вокалдык коуч Карина Купер келди

Бишкекке бүгүн, 31-мартта дүйнөгө белгилүү вокалдык коуч, GRAMMY Recording Academy мүчөсү жана GrammyU ментору Карина Купер келди.

Маданият, министрлигинен кабарлашкандай, анын сапары өлкөнүн чыгармачыл чөйрөсү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

1-2-апрелде Бишкекте Карина Купердин эки күндүк уникалдуу мастер-классы өтөт. Катышуучулар үн жана дем алуу техникасы боюнча алдыңкы методикалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул – музыкалык индустриянын алдыңкы артисттери менен иштеген дүйнөлүк эксперттен билим алуу уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Мастер-класс профессионалдуу вокалисттер үчүн гана эмес, актёрлор, теле-жана радиожурналисттер, педагогдор үчүн да пайдалуу болот.

Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурууда.