Үч жылда жаштар саясатына бюджет 4 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин өскөн 
13 февраль

Үч жылда жаштар саясатына бюджет 4 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин өскөн 

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, үч жылда жаштардын өнүгүүсүнө каралган бюджет 10 эседен ашык өскөн: 4 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин. 

Бул каражаттарга региондордо (Ош, Жалал-Абад, Чуй, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустары) 10 жаштар борбору ачылды. Эми министрлик жалпы суммасы 1,7 миллион АКШ долларына дагы 10 борборду курууну пландап жатат.

Мамлекеттик тапшырык алкагында Маданият министрлиги үч долбоорду колдоду:

  • «Кыргызстан жаштар Кыймылы жана Намыс-Ысык-Көл» коомдук фондунун  «Жергиликтүү деңгээлде жаштардын жарандык катышуусун жана жаштар демилгелерин күчөтүү» долбоору, 
  • «Илгери прожектс  коомдук фондунун Мурас долбоору,
  • «Жигердүү ыктыярчылар» коомдук бирикмесинин «Жаш муун» долбоору.

 Мындан тышкары, жаштардын өнүгүүсү үчүн эки мыйзам иштелип чыккан, алар: «Жаштар жөнүндө» жана «Ыктыярдуу ишмердүүлүк жөнүндө».

  • Ошондой эле бир катар документтер бекитилди:
  • Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө жобо. 
  • Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаштар менен өз ара аракеттенүү тартиби. 
  • Жаштардын 200 миң сомго чейинки демилгелерин колдоо үчүн сынак. 
  • Жаштардын ишкерлигин колдоо программасы (2025-2028-жж.) 
  • Ыктыярчылык ишмердүүлүктү өнүктүрүү концепциясы (2025-2030-жж.) 
  • 7 млн. сом байге байге фонду бар «Балдар жана жаштарга достук шаар» сынагын өткөрүү тартиби. 
  • Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобо.