Министрликтин маданият мекемелеринин жетекчилери үчүн окутуу өткөрүлдү
13 февраль

Министрликтин маданият мекемелеринин жетекчилери үчүн окутуу өткөрүлдү

Министрликтин маданият мекемелеринин жетекчилери үчүн окутуу өткөрүлдү, деп кабарлайт Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы. 

Окутуу 12-февралда Улуттук тарых музейинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкованын катышуусунда райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, музейлердин жана китепканалардын , жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын, балдар музыкалык, искусство жана көркөм өнөр мектептеринин, театралдык оюн-зоок мекемелеринин директорлоруна өткөрүлдү.

  • Тренинг суроо-жооп форматында өтүп, төмөнкү темаларды камтыды:
  • Бюджетти пландоо жана аткаруу
  • Жаңы борборлоштурулган бухгалтердик эсеп тутуму
  • Ченемдик укуктук актылар
  • Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрү жана 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын негизги жоболору менен тааныштуруу”.

Окутуу эки күнгө пландаштырылып, анда маданий мекемелердин жетекчилеринин уюштуруу иштеринин бардык темалары каралат.