«Жаш таңдай» айтышы: жеңүүчүлөргө Өзбекстанга жолдомо берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында кыргыз улуттук «Манас» театрынын демилгеси менен, «Музыка» телеканалынын маалыматтык колдоосунда жаш төкмө акындардын арасында «Жаш таңдай – 2026» аталышындагы республикалык айтыш өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундун төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук сөз өнөрүн өнүктүрүү жана таланттуу жаш акындарды колдоо болуп саналат.
Республикалык айтышка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жаш төкмө акындар катышып, өздөрүнүн төкмөлүк чеберчилигин, тапкычтыгын жана көркөм сөз өнөрүндөгү дараметин көрсөтүштү.
Калыстар тобунун чечими менен сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй аныкталды:
- Баш байге – Актилек Кулпейишов;
- I орун – Фарида Султанжанова;
- II орун – Кубаныч Жамадилов;
- III орун – Сыймык Искаков.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана байгелер кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан тапшырылды.
Ошондой эле жаш акындарды колдоо максатында атайын сыйлыктар ыйгарылды:
- Байэл Макулбековго «Кең-Арал» коому тарабынан Өзбекстанга жолдомо берилди;
- Айтурган Суранчиевага «Музыка» телеканалы тарабынан Өзбекстанга жолдомо белекке тапшырылды;
- Баяман Шакеновго «Музыка» телеканалы тарабынан телевизор берилди.
«Жаш таңдай – 2026» айтышы жаш төкмө акындардын өнөрүн өркүндөтүүгө, кыргыз элинин бай маданий мурасын жайылтууга жана төкмөлүк өнөрдүн келечегин бекемдөөгө багытталган маанилүү маданий долбоорлордун бири болуп калды.
