Караколдо республикалык деңгээлдеги акындар айтышы өттү
2 июль

Караколдо республикалык деңгээлдеги акындар айтышы өттү

Караколдо республикалык деңгээлдеги акындар айтышы өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Сөздүн кудурети менен элди таасирленткен өнөрпоздордун таймашы жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө көӊүлдүү маанай тартуулады.

Айтыштын жүрүшүндө калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган акындарга шаар башчысы Каныбек Адиев жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Шайлобекович тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара улуттук мурастарды даңазалоо менен бирге, чыгармачыл жаштарды колдоого багытталган маанилүү маданий саамалык катары белгиленди.

Белгилей кетсек, айтыш Каракол шаардык кеңешинин колдоосу жана Каракол шаарынын мэриясынын демилгеси менен шаар күнү белгиленген майрамдык иш-чаралардын алкагында өткөрүлгөн.