«Салам, Бишкек!»: Шакира кыргыз тилинде салам айтып, күйөрмандарына жүрөк толкуткан сөздөрүн арнады
видеодон алынган кадр
19 октябрь

«Салам, Бишкек!»: Шакира кыргыз тилинде салам айтып, күйөрмандарына жүрөк толкуткан сөздөрүн арнады

Шакира Бишкекте өткөн концертинде миңдеген күйөрмандарына кыргыз тилинде салам айтты. Ырчынын «Салам, Бишкек!» деген сөзүн көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Концерт La Fuerte чыгармасы менен башталды. Шоу учурунда экрандан Шакира кумдун арасынан чыккандай көрүнүп, андан соң ырчы күйөрмандардын арасынан өтүп, сахнага көтөрүлдү.

Көп сандаган көрүүчүлөрдү көргөн ырчы кубанычын жашыра алган жок.

«Кудайым ай, бул укмуш! Бул жерди карагылачы! Кандай сонун! Силер мага ушунчалык жакынсыңар, баарыңарды көрүп турам. Мен муну канчалык көптөн бери күткөнүмдү элестете да албайсыңар», — деди ал күйөрмандарына.

Ошондой эле ырчы акыркы бир нече жыл анын жашоосунда оңой болбогонун айтып, ушул убакыт аралыгында эмнелерди түшүнгөнү менен бөлүштү.

«Акыркы бир нече жыл мен үчүн оор болду. Бирок баарыбыз эле жашоодо өйдө-ылдый учурларды баштан өткөрөбүз. Мен бир нерсени түшүндүм: биз, аялдар, канчалык жыгылбайлы, кайра турабыз. Ар бир жолу бир аз акылдуу, чыдамкай жана күчтүү болуп чыгабыз», — деди ырчы.

Шакира өзү суктанган жазуучунун сөздөрүн да эске салды. Анын айтымында, аялдар өз-өзүнчө болгондо алсыз болушу мүмкүн, бирок бириккенде жеңилгис күчкө айланышат.

Ырчынын күйөрмандарына арнаган бул жүрөк толкуткан сөздөрү Бишкектеги концерттин өзгөчө учурларынын бири болду.