Алтынбек Максутов китепкана, музей жана маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту
12 февраль

Алтынбек Максутов китепкана, музей жана маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 12-февралда Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилери, музейлердин жана китепканалардын директорлору менен жолугушту. Аталган иш-чарада ɵткɵн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, негизги багыттарды жана келечектеги стратегиялык пландар талкууланды.

Министр жолугушууда Кыргызстандын маданият саясаты заманбап талаптарга жооп берип, активдүү ɵнүгүп, улуттук мурасты сактоо жана даңазалоо үчүн жаңы технологияларды колдонуусу зарыл экенин белгиледи.

Жолугушууда талкууланган негизги маселелер:

  • 2024-жылдын жыйынтыгы – маданият, музей жана китепкана тармагындагы жетишкендиктердин анализи, мамлекеттик колдоо программаларынын ишке ашырылышы.
  • Санариптик технологияларды өнүктүрүү – музей экспонаттарынын каттоосун автоматташтыруу, электрондук китепканаларды түзүү жана архивдөө ыкмаларын жакшыртуу.
  • Улуттук маданий мурасты даңазалоо – жаштар менен иштөө боюнча жаңы форматтарды киргизүү, билим берүү программаларын кеңейтүү, эл аралык уюмдар менен кызматташуу.
  • Маданий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу – тренингдерди жана тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу пландары.
  • Аймактардагы маданиятты өнүктүрүү – борбордук жана регионалдык маданий мекемелердин байланышын чыңдоо, маданий долбоорлорго бардык аймактардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Министр маданият – бул салттарды гана сактоо эмес, аларды азыркы шартка ылайыкташтыруу керектигин баса белгиледи:

«Бүгүнкү күндө биз улуттук мурастын сакчылары гана болбостон, аны коомго жеткирүүчү активдүү ишмерлер да болушубуз керек. Маданият ачык, интерактивдүү жана жаштар үчүн кызыктуу болушу зарыл. Биз заман менен тең жүрүп, санариптик технологияларды киргизип, билим берүү долбоорлорун кеңейтип, маданий мекемелердин ортосунда натыйжалуу байланыш түзүшүбүз керек», – деп билдирди Алтынбек Максутов.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданий тармактарды модернизациялоо, китепкана жана музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана регионалдык мекемелер менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча так тапшырмалар берилди.