Кореянын "Ариранг" ансамбли Бишкекте акысыз концерт берет
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Кореянын "Ариранг" ансамбли Бишкекте акысыз концерт берет

11-августта Бишкекте «Ариранг» муниципалдык искусство ансамбли өнөрүн тартуулайт.

Концерт «Ынтымак-2» паркындагы башкы сахнада өтүп, саат 19:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.

Ансамбль салттуу корей музыкасын, элдик ырларды жана улуттук музыкалык аспаптарда аткарылган чыгармаларды тартуулайт.

Концерт busking форматында — артисттер көрүүчүлөр менен эркин жана түз баарлаша турган көчө концерт түрүндө өтөт.

Кеченин атайын коногу катары Qaibar музыкалык долбоору катышат.