Орус драма театры 92-сезонун ачат
2026-жылдын 19-20-сентябрында саат 19:00дө Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык орус драма театрында 92-театр сезонунун ачылышына арналган «Плохие парни» спектаклинин премьерасы өтөт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, жаңы спектакль Рэй жана Майкл Кунинин «Том, Дик жана Гарри» пьесасынын негизинде криминалдык комедия жанрында коюлган.
Окуялардын күтүүсүз өнүгүшү, курч юмор жана баш айланткан кырдаалдар көрүүчүлөргө кызыктуу театралдык кеч тартуулайт. Каармандар түзүлгөн татаал жагдайдан чыгууга канчалык аракет кылышса, окуялар ошончолук чырмалыша берет. Дүйнөлүк театр репертуарындагы белгилүү комедия эми Бишкек сахнасында тартууланат.
Спектаклдин режиссёр-коюучусу — Александр Панин, сүрөтчү-коюучусу — Ангелина Гайер.
Режиссёрдун жардамчысы — Анастасия Ярцева, режиссёрдун ассистенти — Нина Чернышёва.
Спектакль Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык орус драма театрынын чоң сахнасында көрсөтүлөт.
