Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга документтерди кабыл алуу башталганын жарыялайт.
Сыйлыктын негизги максаты жаштарды патриоттуулук жана жаратмандык духунда, салттуу руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө, жаш муундардын руханий-адеп-ахлактык принциптерин жана дене тарбиясын чыңдоого тарбиялоочу чыгармаларды жаратууну колдоо болуп саналат.
Сыйлыкты изденип алууга талапкерлердин чыгармалары, иштери жана материалдары көркөм чеберчилик деңгээлине ылайык келүүгө, жаштардын бай руханий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.
Сыйлык 11 номинация боюнча ыйгарылат.
Бардык катышуучулардын материалдарын Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия карайт, ал эксперттик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле ар бир номинация боюнча эмгек сиңирген ишмерлерден, көз карандысыз эксперттерден түзүлөт.
Сыйлык салтанаттуу жагдайда ыйгарылат.
Бардык документтер жана материалдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2026-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.
