Маданият министрлиги
10 август
Байге фонду 1 млн сом. Тоң районунун 90 жылдыгына арналган республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды
Тоң районунун 90 жылдык мааракесине карата төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Тарыхы терең, топурагы алтын Тоң районунда өткөн маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген төкмө акындар катышты. Акындар айтыш өнөрүнүн салттарын улантып, сөз тапкычтыгын, төкмөлүгүн жана чыгармачылык дараметин көрсөтүштү.
Республикалык айтыштын жүрүшүндө акындар элдин тарыхын, нарк-насилин, улуттук баалуулуктарын, мекенге болгон сүйүүсүн жана бүгүнкү коомдогу актуалдуу маселелерди төгүлүп ырдоо менен көрүүчүлөргө тартуулашты.
Маданий иш-чаранын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Баш байге:
- Турат Жумаев;
- Кутман Садыбакасов.
1-орун:
- Эсенбек Кийизбаев;
- Арген Биймырза уулу.
2-орун:
- Баян Акматов;
- Ажыбек Дүйшө уулу.
3-орун:
- Жылдызбек Төрөканов;
- Нурсултан Малдыбаев.
