Аксы районунда Маданият үйү курулууда. Иш 80%га аяктап калды
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында Маданият үйү курулууда. Учурда курулуштун 80 пайызы аяктап калды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күн мурун облус башчысы Тилек Текебаев курулуштун жүрүшү менен таанышкан.
Маданият үйү 400 орунга ылайыкташкан.
"Курулуштагы бир катар кемчиликтерди жоюу тапшырмасы менен бирге маданият үйүнүн айланасын архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү, унаа токтотуучу жайын уюштуруу талаптары коюлду", - деп айтылат маалыматта.
