2024-жылы жалпы республикалык бюджеттен 140 000,0 миң сом каражат бөлүнүп 39 тасма тартылды
12 февраль

2024-жылы жалпы республикалык бюджеттен 140 000,0 миң сом каражат бөлүнүп 39 тасма тартылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан 2024-жылы тартылган тасмалар.

2024-жылы жалпы республикалык бюджеттен 140 000,0 миң сом каражат бөлүнүп 39 тасма тартылды, тактап айтканда:

  • 2 толук метраждуу көркөм тасма;
  • 3 толук метраждуу даректүү тасма;
  • 1 кыска метраждуу көркөм тасма;
  • 24 кыска метраждуу даректүү тасма;
  • 7 сериал;
  • 2 анимациялык тасма.

2024-жылы Мамлекеттик кинодирекциялар тарабынан 265,3 миң көрүүчүлөргө 13950 сеанс көрсөтүлдү жана жалпы кирешеси 7 362,5 миң сомду түздү.

Эл аралык мамилелерди чыңдоо жана биргелешип иш алып баруу максатында 10 келишимге кол коюлду. Алардын экөөсү Президенттин башка мамлекеттердин башчылары менен болгон жолугушуусунун алкагында (Италия Республикасы жана Түркия Республикасы менен аудиовизуалдык продукцияны биргелешип өндүрүү жөнүндө келишимдер) мамлекеттик деңгээлде кол коюлса, калган келишимдер департаменттин деңгээлинде.

Алардын ичинен:

Кинематография департаменти жана Ташкент шаарындагы С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунун филиалынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү тууралуу Меморандумга кол коюлду;
Канн кинофестивалынын Marche du Film базарындагы Kyrgyz cinema стендиндиниде заманбап кыргыз киносу жана анын иштеп жаткан сектору иш алып барды жана CNC Франциянын улуттук кинематография борбору жана анимациясы мекемеси менен «Кызматаштык тууралуу» макулдашууга кол коюлду;
Түрк Республикасынын маданият жана туризм министрлигине караштуу кинематография департаменти менен «Кинокомиссиялардын ишмердүүлүгүнүн тажрыйбаларынын алмашуусу жөнүндө» Меморандумга кол коюлду.

Эл аралык кинофестивалдарга катышып жалпы 13 тасма байге алды:

  • «Күүгүмдөгү коңгуроо» – Гран-при (Алмата, Казакстан);
  • «Галина Петровна» – Мыкты даректүү портрет (Алмата, Казакстан);
  • «Терең» -  Мыктыдокуфикшен (Алмата, Казакстан);
  • «Нарынбек» – ТҮРКСОЙ уюмунун диплому;
  • «Эмгекчил» – Мыкты этно-даректүү тасма (Алмата, Казакстан);
  • «Жылкычы чымчык» – IX CIFT “Мыкты дебют” (Канада), “Мыкты тасма” Ницца (Франция);
  • «Белек» – «Гран-при» (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • «Кыз ала качуу» – Мыкты режиссура (Cinema Haritage, Франция), “Мыкты режиссер” (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • «Татту тиш» – Калыстар тобунун атайын сыйлыгы (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • «Булак» – Калыстар тобунун атайын сыйлыгы (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • «Айлиндин жомоктору» – Көрүүчүлөдүн тандоосу (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • «Байланыш» – Мыкты режиссер (КСКФ, Бишкек);
  • «Ромео» – IX Baiqonyr эл аралык кинфестивалынын жеңүүчүсү (Казахстан, Алматы);
  • «Асман балдары» – Мыкты тасма (Athvikvaruni International Film Festival Наду, Индия), Мыкты тасма, мыкты актриса, мыкты монтаждоочулар (International Moving Film Festival Мехико, Мексика) , Сынчыларды тандоосу (Kollywood International Film Festival Колливуд, Индия).