Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Катышуучуларга жана конокторго медициналык жардам берүүгө 600 дарыгер тартылат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барган коноктордун жана жергиликтүү жарандардын коопсуздугун сактоого, өз учурунда медициналык жардам көрсөтүүгө 600 дарыгер тартылат. Ошондой эле ӨКМнын мобилдик госпиталы орнотулат.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Айтымында, көчмөндөр оюндарына саламаттыкты сактоо тармагы 2025-жылдын 4-июнунда Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасы түшкөндөн тартып даярданып башташкан.
“Министрликте уюштуруучу штаб иштеп баштаган. Июль айында ДСУнун колдоосу менен машыгуу өткөдүк. Ири иш-чарала тамак-аш коопсуздугу бар, ар кандай уулануулар болушу мүмкүн, ат үстүндө оюндарда травма болушу ыктымал, андан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн коноктор келет, алар ар кандай жугуштуу ооруларды алып келбейби, кокус алып келишсе, андан аркы аракетибиз кандай болот – баарын эске алып жеке алгоритмибизди иштеп чыктык. Азыр ошол чоң пландын негизинде иштеп жатабыз”, – деди ал.
Ишенапысова белгилегендей, бир нече локация болгондуктан, медпункттар жетишсиз болуп калышы мүмкүн деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталын сурап алышкан. Аны 25-августта Кырчын жайлоосуна жеткиришет.
“Мобилдик госпиталга 150 кишини убактылуу жайгаштыра алабыз. Инфекциялык, хирургиялык, кардиология бөлүмдөрү бар. Ар кандай абал жаралышы мүмкүн: травма, уулануу, кан басымдын көтөрүлүшү. Бардык шарты, жабдыктары бар госпиталда жардам сурап кайрылган ар бир жаранга татыктуу кызмат көрсөтө алабыз”, – деди министрдин орун басары.
Ошондой эле, ал белгилегендей, оор жараат алгандар болсо, Бишкекке жеткирүүгө тик учак даярдалды.
Маалым болгондой, медициналык тейлөө Кырчын жайлоосунда иш-чара соңуна чыкканга чейин, 7-сентябрга чейин көрсөтүлөт.
