Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат
21 август

Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат

елгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келет.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, актриса кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, өлкөнүн маданияты жана каада-салты менен таанышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Актрисанын Кыргызстанга келиши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чаралардын маанилүү окуяларынын бири болот.