Кыргыз Улуттук тарых музейи Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги менен кызматташууну талкуулады
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданият жана туризм кеңешчиси Солмаз Хаберал жана элчиликтин өкүлдөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга музейдин директору Назгуль Омурзакова катышып, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Маектешүүнүн жүрүшүндө маданий мурастарды жайылтуу, музейлер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Түркия Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү Улуттук тарых музейинде Эбру сүрөт искусствосуна арналган көргөзмө уюштуруу демилгесин көтөрүп, аны ишке ашыруунун мүмкүн болгон багыттарын сунушташты.
Өз кезегинде музейдин директору Назгуль Омурзакова эки элдин тарыхый жана маданий мурастарын кеңири таанытууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп, буга чейин калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий диалогду тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.
