«Жан дүйнө жаңырыгы»: Бишкекте өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын көркөм сүрөт көргөзмөсү өтөт
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
17 июль

«Жан дүйнө жаңырыгы»: Бишкекте өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын көркөм сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Эмен паркта жайгашкан С.А. Чүйков атындагы арт-галереяда «Жан дүйнө жаңырыгы» аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат. Иш-чара 2026-жылдын 24-июлунда саат 13:00дө башталат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 17-главасынын 109 жана 110-беренелерине ылайык уюштурулууда.

Аталган беренелерге ылайык, жазаларды аткаруу мекемелеринин негизги милдеттеринин бири – соттолгондорду оңдоо максатында тарбиялык иштерди жүргүзүү, алардын маданий деңгээлин жогорулатуу жана бош убактысын мазмундуу, пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү болуп саналат.

Экспозицияда ЖАМКнын №19 мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан Абдрашитов Вячеслав көркөм сүрөт эмгектери сунушталат.

Бул көргөзмө соттолгондорду кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулуп, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө, билим алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Ошондой эле чыгармачылык адамдын ички дүйнөсүн ачууга, руханий жактан өсүүсүнө жана коомго оң көз караш менен кайтууга өбөлгө боло аларын көрсөтүүнү максат кылат.

Мындан тышкары, иш-чара жазаларды аткаруу системасында жүргүзүлүп жаткан тарбиялык жана ресоциализациялык иштер тууралуу коомчулукту кеңири маалымдоого, ошондой эле жарандык коом менен кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Көргөзмөгө бардык каалоочулар катыша алышат. Кирүү акысыз.

Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор сүрөттөр менен таанышып гана тим болбостон, өзүнө жаккан эмгектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат.