Ошто “Ала-Тоо жазы” аттуу студенттердин кароо-сынак фестивалы өтөт
Ош шаарында 29–30-апрель күндөрү “Ала-Тоо жазы” аттуу студенттердин кароо-сынак фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Бул ири маданий иш-чара Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген таланттуу жаштарды бириктирип, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири коомчулукка тартуулоону максат кылат.
Фестивалдын негизги максаттары – улуттук баалуулуктарды жана маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, жаштардын чыгармачылык активдүүлүгүн колдоо, таланттуу жаштарды аныктап, элге таанытуу, ошондой эле маданий алмашууну өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чара төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
1. вокалдык искусство
2. классикалык музыкалык аспаптарды ойноо
3. фольклордук аткаруучулук
4. хореография
Фестиваль эки баскычта уюштурулат. Биринчи баскычта жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын ичинде тандоо турлары өтсө, экинчи баскычта финалдык этапка өткөн мыкты командалар күч сынашат.
Белгилей кетсек, сынакка Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери жана музыкалык же искусство багытындагы факультеттерде окуган студенттер катыша алышпайт.
