президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
12 июнь
Жалал-Абадда 2010-жылдагы июнь окуясынын курмандыктары эскерилди
Бүгүн, 12-июнда Сузак районунун Топурак-Бел участкасындагы Санпа окуясынын курмандыктарына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысынын орун басары Исламбек Увайдуллаев, Сузак районунун жана Манас шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, жарандар, “Санпа шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, ошондой эле июнь окуясында каза болгон жарандардын жакындары катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө курман болгондордун элесине гүл коюлуп, куран окулду.
Эске сала кетсек, 2010-жылдагы июнь окуясында Жалал-Абад облусунда 592 адам жаракат алып, 82 жаран каза болгон. Төрт адам дайынсыз жоголгон.
