Кудайберген Базарбаев кыргызстандык жана казакстандык сүрөтчүлөрдүн катышуусунда өткөн “Жарыкты жандыр”
2026-жылдын 13-апрелинде Астана шаарындагы "HAS SANAT" көркөм галереясында "Жарыкты жандыр" аттуу эл аралык көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.
Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси К.Базарбаев, Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси М.Отарбаев, ошондой эле Казакстан Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Элчи Кудайберген Базарбаев өнөр — бул котормону талап кылбаган универсалдуу тил экенин белгиледи. “Жарыкты жандыр” көргөзмөсү биздин жаратуучулукка болгон жалпы умтулуубузду символдоштуруп, Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы ажырагыс руханий байланышты даңазалайт", - деди ал.
Көргөзмө 2026-жылдын 11-майына чейин улантылып, Кыргызстан менен Казакстандын сүрөтчүлөрүнүн 60тан ашык живопись эмгектерин бириктирет. Көргөзмөгө Кыргызстандан белгилүү сүрөтчүлөр Сансыз Мирзираимов, Абай Насиридин уулу жана Ислам Дооров, ошондой эле казакстандык сүрөтчү Асель Тлеулен катышууда.
