Ленинград блокадасынын алынышынын 82 жылдыгы. Бишкекте митинг-реквием өттү
18 январь

Ленинград блокадасынын алынышынын 82 жылдыгы. Бишкекте митинг-реквием өттү

Ленинград блокадасынын алынышынын 82 жылдыгына арналган эстелик иш-чарасы Д. Асанов атындагы сейил багында өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү, үч жолу ок  атуу жана эстеликке гүл коюу менен башталды.

Митинг-реквиемге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев,  Россбиримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев сөз сүйлөп, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.

Алар Ленинград блокадасынын ардагерлеринин эрдигин эстеп, эч ким эч качан унутулбастыгын жана баатырлардын кайраттуулугу ар бир муун үчүн үлгү болуп калаарын белгиледи.

Эскерүү иш чарасынын алкагында, Кыргызстандын Ленинград блокадачылары коому, Кыргызстандын Коргоо министрлиги, «Жеңиш ыктыярчылары» коомдук кыймылы, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору  жана Кыргызстандагы Россбиримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан “Блокада наны” деп аталган атайын акция уюштурулду.

Бул эскерүү акциясынын негизги символу болгон 125 граммдык нан-курчоого алынган шаардын жашоочуларынын трагедиясынын жана ошол эле учурда баатырлыгынын символу.

Эскерүү иш-чарасында жаштар жана окуучулар тарабынан согуштун оор күндөрү ошондой эле блокадачылардын басып өткөн күндөрү чагылдырылып, муңдуу ырлар аткарылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү эскерүү аземи Улуу Ата-мекендик согуштун 80 жылдыгындагы алгачкы иш-чара.