
Бишкекте «Орус адабияты. Тарых жана азыркы заман» көргөзмөсү ачылат
Бишкекте «Орус адабияты. Тарых жана азыркы заман» көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" билдирет.
Көргөзмө 16-сентябрда Эркиндик бульварында (Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинин жогору жагында) ачылат. Башталышы саат 15:00.
Экспонаттарды орусиялык маданият таануучу, тарыхчы жана педагог Анна Эспарза даярдаган.