Кыргызстанда биринчи жолу көзү азиз көрүүчүлөр үчүн тифлокомментарийлер менен 4 тасма иштелип чыкты
13 сентябрь

Кыргызстанда биринчи жолу көзү азиз көрүүчүлөр үчүн тифлокомментарийлер менен 4 тасма иштелип чыкты

Кыргызстанда биринчи жолу көзү азиз көрүүчүлөр үчүн тифлокомментарийлер менен 4 тасма иштелип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда “Ч.Айтматов атындагы кино үйү” Республикалык мекемесинде “Чексиз Кино” Инклюзивдик кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Долбоордун уюштуруучусу “Феномен” коомдук фонду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кыргызстандагы Инклюзивдик демилгелерди колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган коомдук пайдалуу долбоорлор мамлекеттик социалдык тапшырыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Долбоор жөнүндө:

“Чексиз Кино” долбоору Кыргызстандын көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар көрүүчүлөрү үчүн атамекендик кинолордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Өлкөдө майыптыгы бар 215 миңден ашык жаран жашайт, алардын 10 миңге жакыны көрүүсү начар адамдар. Алардын көбү үчүн маданий иш-чараларга, анын ичинде киного жетүү чектелген. Долбоор бул жагдайды өзгөртүүгө жана кыргыз авторлорунун тасмаларын көрүүсү начар жаштарга жеткиликтүү болууга шарт түзүүгө багытталган.

Кыргызстанда биринчи жолу көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар көрүүчүлөр үчүн атайын үн баяндары — тифлокомментарийлери бар 4 фильм түзүлдү. Бул тасмалар Бишкек, Ош жана Балыкчы шаарларындагы кинотеатрларда толугу менен акысыз көрсөтүлөт. Көрсөтүү үчүн кийинки кыргыз тасмалары тандалып алынды:

  • “Бейиш эненин таманында”
  • “Курманжан Датка”
  • “Салам, New York”
  • “Мега Той”

Мындан тышкары, кинотеатрларга бара албаган көрүүчүлөр үчүн атайын “TeamTalk” онлайн платформасында көрүүгө болот.

Фестивалдын негизги милдеттери:

1.​Кино аркылуу көзү көрбөгөн көрүүчүлөрдү кыргыз элинин маданий баалуулуктары жана каада-салттары менен тааныштыруу.

2.​Көрүүсү начар жаштардын ийгиликке мотивациясын калыптандырууга жана жашоого позитивдүү мамилени өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

3.​Көзү көрбөгөн жарандар үчүн кинонун жеткиликсиздигине коомчулуктун көңүлүн буруу.

"Чексиз кино” фестивалы инклюзияга жана өлкөнүн бардык жарандары үчүн маданий иш-чараларга бирдей катышууга маанилүү кадам болот.