Ошто Ак калпак күнү белгиленди
5 март

Ошто Ак калпак күнү белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитеттин уюштуруусунда улуттук баш кийим ак калпактын урматына жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын 1000ге жакын студенттери катышты.

Салтанаттуу жүрүш патриоттук демди көтөрүүчү ураандар менен коштолду.