Орозодо тамактануунун 9 алтын эрежеси
6 март

Орозодо тамактануунун 9 алтын эрежеси

Ыйык Рамазан айында орозо кармоо менен мусулмандык парзыбызды аткарабыз. Орозо жан дүйнөбузду тазартуу менен бирге ден соолугубузду чыңдап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок бир гана шартта: туура тамактанган гана учурда! Болбосо ден соолугуңузду тескерисинче бузуп алышыңыз толук мүмкүн. Мындайга кабылбайын десеңиз, төмөнкү эрежелерге көңул буруңуз. 

1. Оозду эмне үчүн курма менен ачуу керек?

Курма – табигый канттын булагы. Ал кандагы канттын деңгээлин нормалдаштырууга жардам берет. Курма – шекер сыяктуу куру глюкоза эмес, анда ар кандай пайдалуу витаминдер менен минералдар бар. Курманы жегенден кийин канттын деңгээли көтөрүлүп, организмге “мен ачка эмесмин” деген сигнал барат. Бул болсо ооз ачарда ашыкча көп тамак жеп алып организмге зыян келтирип алуудан сактайт.   

Мындан тышкары, курма пайгамбардын сүйгөн тамагы болгон. Курма, сүт же суу менен ооз ачуу-бул сүннөт. Пайгамбарыбыз: “курма менен ооз ачкыла, анткени анда береке бар. Эгер ал насип болбосо, анда суу менен ооз ачкыла, себеби ал өтө таза нерсе”,-деген.

2. Саарлыкты сөзсүз кылыңыз

Саарлыкты сөзсүз ичүү маанилүү. Туура таңкы тамак татаал углеводдон жана белоктон турууга тийиш. Мисалы, сулу боткосу, жумуртка, быштак сыяктуу белоктуу азыктар организмде жай сиңип, көпкө чейин ачкалыкты сезбейсиз. Ал эми мусулманчылыкта орозодо саарлык ичүү - бул сүннөт, бирок милдет эмес. Саарлык кылбай калган адамдын орозосу бузулбайт.

3. Көп суу ичиңиз

Организмдин сууга болгон муктаждыгын ооз ачкандан баштап бекиткенге чейинки аралыкта канааттандырыңыз. 8 стакандан кем эмес суу ичкенге аракет кылыңыз. Организмге суу жетишпесе баш оору, алсыздык, теринин кургоосу сыяктуу көйгөйлөр жаралып ден соолугуңузга зыян келиши мүмкүн.

4. Чаңкатуучу азыктардан алыс болуңуз

Күндүзү чаңкатуучу азыктарды жебегенге аракет кылыңыз. Мисалы, туздуу, куурулган, консерваланган азыктар суусатып, ооз ачканга чейин кыйналасыз. Жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайдаланыңыз, алар организмдеги суунун запасын толуктайт. Ал эми чай, кофе, таттуу суусундуктар организмге керектүү суунун ордун баса албайт.  

5. Тамактанууга акырындан киришиңиз

Көпкө чейин ачка жүрүп, анан дароо көп тамак жеп алуу – организм үчүн стресс. Андыктан тамак жегенге акырын-акырындан өтүңүз. Мисалы, курма жана суу менен оозду ачып, андан кийин шорпо ичип, салат жесеңиз болот. Бир нече мүнөт убакыт өткөрүп, анан негизги тамакка киришсеңиз болот. Жылуу шорпо бир нече саат ачка жүргөн организмди пайдалуу азыктар менен камсыздап, негизги тамакка даярдоого эң жакшы вариант. Ал эми дароо эле оор тамакка кол салып, шашып жеп алуу ашказаныңызды бузат.

6. Тамагыңыздын пайдалуу болушуна маани бериңиз

Жеген тамагыңыздын курамында бардык пайдалуу азыктардын болушу маанилүү. Гречка, буурчак, чечевица, лоя сыяктуу дан өсүмдүктөрү, тооктун төш эти, балык, эт, пайдалуу майлар, жемиштерди рационуңузга сөзсүз кошуңуз. Куурулган, туздуу, майлуу тамактардан алыс болуңуз. Эт, буурчак өсүмдүктөрү, жумуртка, сүт азыктары протеинге бай. Күнүмдүк тамактанууңузда ушул азыктардын жок дегенде бирөөсү болуш керек.

7. Таттуудан алыс болуңуз

Орозодо таттуунун баарын рационуңуздан алып салыңыз. Анткени алар денени алсыздандырып, курсагыңызды бат ачырат. Мындан тышкары, ооз ачкандан кийин дароо таттуу жесеңиз  ич көөп, тамак сиңирүү начарлайт. Ошондой эле кандагы глюкозанын деңгээлин көтөрүп салат да, организм дагы да көбүрөөк таттуу талап кыла баштайт. А көп өлчөмдөгү татуу кан басымды көтөрүп жиберет. Андыктан аябай эле таттуу жегиңиз келип жатса, ооз ачкандан 2-3 сааттан кийин жесеңиз болот. Эң жакшысы – таттууну курма, жемиш кактары менен алмаштырыңыз.
8. Камыр тамакка басым жасабаңыз
Жогорку сорттогу ундан жасалган тамактардын бардыгы углевод болуп эсептелинет. Ак нан, булочка, макарон, камыр тамактар организмди глюкоза менен толтурат. Жыйынтыгында: тез тоюп каласыз да, 1,5-2 сааттан кийин катуу ачкалыкты сезесиз. Андыктан орозо айында камыр тамактарды рациондон алып турганыңыз оң. Макарондун “дандын катуу сортунан жасалган” дегенин тандаңыз. 
9. Кофеден баш тартыңыз
Мурун күн сайын эртең менен кофе ичүү адатыңыз бар болсо, эми андан баш тарта турасыз. Анткени кофе организмди суусуздандырат. Мындай учурда башыңыз ооруйт, алсызданасыз, бат чарчайсыз.