Бишкекте Ак калпак күнүнө арналган иш-чара өттү
5 март

Бишкекте Ак калпак күнүнө арналган иш-чара өттү

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде бүгүн, 5-мартта кыргыз элинин улуттук баш кийими – ак калпакты жасоо боюнча мастер-класс жана тематикалык лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Аталган иш-чара Кыргызстанда 2011-жылдан бери белгиленип келе жаткан Ак калпак күнүнө карата уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар ак калпактын тарыхы, символикасы жана кыргыз маданиятындагы орду тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле атайын мастер-класста келген коноктор ак калпак жасоонун негизги ыкмаларын көрүштү.

Ак калпак күнү 2011-жылы режиссер Рысбек Жабировдун демилгеси менен белгилене баштаган жана ошол убакыттан бери жыл сайын майрамдалып келет. Бул күн улуттук мурастарды сактоо жана даңазалоо максатында өткөрүлүп, кыргыз элинин маданий өзгөчөлүгүн чыңдоого чоң салым кошууда.