Бишкекте венгр географы Дюла Принцтин Тянь-Шаньга болгон экспедициялары тууралуу көргөзмө ачылат
2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз улуттук тарых музейинде венгриялык көрүнүктүү географ жана изилдөөчү Дьюла Принцтин Тянь-Шань тоолоруна жасаган экспедицияларына арналган «Дьюла Принц: венгр географынын 1906 жана 1909-жылдары Тянь-Шань тоолоруна жасаган саякаттары» аттуу тарыхый-даректүү көргөзмөнүн расмий ачылыш аземи өтөт.
Көргөзмө Дьюла Принцтин Тянь-Шань аймагына жасаган алгачкы илимий сапарларынын 120 жылдыгына арналат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биргелешкен демилгеси менен уюштурулууда.
Иш-чара Сегед университетинин (Szegedi Tudományegyetem) жана Борбордук Азия колдонмо жер изилдөөлөр институтунун (CAIAG) колдоосу менен өткөрүлөт. Экспозицияда Сегед университетинин айлана-чөйрө географиясы департаменти тарабынан берилген Дьюла Принцтин жеке мурасынан алынган баалуу архивдик материалдар — изилдөөчүнүн экспедиция учурунда тарткан түп нуска сүрөттөрү, панорамалык чиймелери жана илимий документтери коюлат.
Көргөзмө аркылуу келген коноктор XX кылымдын башындагы Тянь-Шань аймагынын жаратылышын, географиясын, элдеринин турмушун жана маданий өзгөчөлүктөрүн европалык окумуштуунун көз карашы аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Экспозиция илимий-тарыхый баалуулугу менен өзгөчөлөнүп, кыргыз-венгр маданий жана илимий кызматташтыгынын өнүгүшүнө дагы бир маанилүү салым кошот.
Көргөзмө 2026-жылдын 28-июлунан 6-сентябрына чейин көрүүчүлөр үчүн ачык болот. Ачылыш күнү көргөзмөгө кирүү акысыз, андан кийинки күндөрү музейдин белгиленген билеттери менен кирүүгө болот.
