«Кыргызфильм» киностудиясында олуттуу оңдоо иштери жүрүүдө
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев «Кыргызфильм» киностудиясынын имаратында жана ага чектеш аймактагы чарбалык курулуштарда жүргүзүлүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана «Кыргызфильм» киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев беришти.
Учурда лифттер калыбына келтирилип, эмеректер сатып алынууда, режиссёрлордун, продюсерлердин, сүрөтчүлөрдүн жана гримёрлордун иш бөлмөлөрү оңдолууда.
Мындан тышкары кинозалда жана мини-кинопавильондо (эски имаратта) иштер уланууда. Бул жерде оорукананын, мектептин, түрмөнүн, советтик типтеги батирлердин жана башка сахналык мейкиндиктердин съёмкалык декорациялары түзүлүүдө.
Ошондой эле министр «Кыргызтасмасы» мекемесинин ишмердүүлүгүн текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Мирбек Мамбеталиев Кинематография департаментинин жетекчилигине жана карамагындагы мекемелерге оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тармактын инфраструктурасын модернизациялоо жана улуттук кино өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.
