Улуттук тарых музейинде Лянчжу санариптик маданий-музей көргөзмөсү ачылды
15 июль

Улуттук тарых музейинде Лянчжу санариптик маданий-музей көргөзмөсү ачылды

4-июль Улуттук тарых музейинде Лянчжу санариптик маданий-музей көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Маалымат кеңсесинин жетекчиси Мо Гаои мырза жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова катышып, көргөзмө менен таанышты.

Лянчжу санариптик маданий-музей көргөзмөсү Янцзы дарыясынын төмөнкү агымындагы Тайху көлүнүн аймагында мындан 4300–5300 жыл мурда жашап өткөн Лянчжу маданиятына арналган. Бул маданият Чыгыш Азиядагы тарыхка чейинки күрүч өстүрүү цивилизациясынын эң жогорку жетишкендиктеринин бири катары бааланып, адамзат тарыхындагы алгачкы шаардык цивилизациялардын көрүнүктүү үлгүсү болуп саналат.

Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – салттуу музей форматтары менен заманбап санариптик технологиялардын айкалышында. Анда археологиялык табылгалар инновациялык ыкмалар аркылуу көрсөтүлүп, виртуалдык реалдуулук (VR) технологиясынын жардамы менен көрүүчүлөр байыркы Лянчжу цивилизациясынын дүйнөсүнө саякат жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары, жогорку даражалуу мейман үчүн Улуттук тарых музейинин негизги экспозициялык залдары боюнча атайын экскурсия уюштурулуп, Кыргызстандын уникалдуу археологиялык жана этнографиялык мурастары менен тааныштырылды.

Мо Гаои мырза Кыргызстандын бай тарыхына жана маданий мурасына кызыгуу билдирип, музейдеги экспозицияларга жогору баа берди.