Кыргызстан Гватемала Республикасын ДКОго катышууга чакырды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов Гватемала Республикасынын Кыргызстандагыэлчиси Эдуардо Энрике Эрнандес Ресинос менен жолукту.
Ведомстводно кабарлашкандай, жолугушуу учурунда тараптар маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу талкуулады.
Аскаралы Мадаминов элчини жылуу кабыл алып, аны жаңы дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Гватемаланын ортосунда бекем байланыштарды орнотуу маанилүү экенин баса белгиледи.
Ал маданият элдерди жакындатып жана өз ара кызматташууну чыңдоо негизги көпүрө болуп саналат деп белгиледи.
Сүйлөшүү учурунда өзгөчө көңүл жаштар саясатына бурулду. Орун басар белгилегендей, жаштар коомдун өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп, элдер ортосундагы достукту чыңдоого чоң салым кошот.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
Мындан тышкары, орун басар Гватемала өкүлдөрүн 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынa катышууга чакырды.
