Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин концерти өтөт
2026-жылдын 18–19-июлунда саат 19:00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин концерти жана Гала-концерти өтөт.
Аталган маданий иш-чара ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын алкагында уюштурулууда.
Концертке Кыргыз Республикасы, Беларусь Республикасы, Индия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын чыгармачыл делегациялары катышат.
Программада ШКУга мүчө мамлекеттердин белгилүү чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору өз өлкөлөрүнүн музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашат.
Кирүү акысыз.
