Маданият министрлиги «Өч 2» көркөм тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлбөй тургандыгын билдирди
«Өч 2» көркөм тасмасын 13-апрелден тарта өлкө аймагында жүгүртүү токтотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, министрликке караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алынган.
Эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди.
Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды.
Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды.
Ушуга байланыштуу төмөнкү чечим кабыл алынды:
- “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору А. Т. Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду.
- “Өч 2” көркөм тасмасынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүсү токтотулду;
- кинотеатрлар, жүгүртүү уюмдар жана кино көрсөтүү менен алектенген башка субъекттер тасманы токтоосуз жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.
