Чолпон-Ата шаарында жаңыланган «Чолпон» кинотеатры расмий ачылды
Чолпон-Ата шаарында жаңыланган «Чолпон» кинотеатрынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана шаар тургундары катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн министр кино элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган маданияттын эң маанилүү тармактарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз киносу дүйнөгө таанылган «Кыргыз кереметин» жараткан бай чыгармачылык мураска ээ экенин айтты.
Министр кинотеатрлар көрүүчүлөр менен кино искусствосунун ортосундагы маанилүү байланыштыруучу маданий мейкиндик экенин белгилеп, бүгүнкү күндө алардын заманбап маданий жана агартуучулук борборлорго айланып жатканын билдирди.
Ошондой эле президенттин колдоосу менен өлкөдө улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө жана маданий инфраструктураны жаңылоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Өз сөзүндө министр жаңыланган «Чолпон» кинотеатры Чолпон-Ата шаарынын тургундары жана Ысык-Көлгө келген коноктор үчүн заманбап маданий борбор болуп, анда кино көрсөтүүлөр, фестивалдар, бет ачарлар жана чыгармачылык жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарына ишеним билдирди.
Иш-чаранын соңунда кинотеатрдын жаңыланышына салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык айтылып, «Чолпон» кинотеатрына ийгиликтер жана көрүүчүлөрдүн көп болушу кааланды.
