Нью-Делиде Кыргызстандын маданиятына жана туризмине арналган иш-чара өттү
21 февраль

Нью-Делиде Кыргызстандын маданиятына жана туризмине арналган иш-чара өттү

2025-жылдын 19-февралында Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги Аялдар эл аралык клубу (Women’s International Club) менен биргеликте кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтуу максатында эл аралык иш-чара уюштурду.

Элчилик иш-чаранын конокторуна тарыхый маалыматтарды, популярдуу туристтик маршруттарды жана кызыктуу жерлерди, туризмди өнүктүрүү, маданияттар аралык алмашуу, улуттук каада-салттарды жана баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды камтыган өлкөнүн презентациясын тартуулады.

Презентацияда ошондой эле эл аралык платформада тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү Кыргыз Республикасынын ролу жана аракеттери баса белгиленип, “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин” жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын (БУУФКК) алкагында илгерилелип жаткан демилгелер белгиленди, жана Кыргызстандын тоо пейзаждарынын камтыган сүрөт көргөзмөсү өзүнчө стенд катары уюштурулду. Презентация туристтик видеороликтерди көрсөтүү жана брошюралар түрүндөгү таркатма материалдар менен коштолду.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн өзүнчө блокто кыргыздын салттуу элдик кыймылдарынын элементтери, ритмдери, кийимдери менен «Айкөл Манас бийи», «Түш кийиз бийи» бийлери «Мүрөк» тобунун аткаруусунда тартууланды.

«Санат» фольклордук ансамбли «Таң сыры» чыгармасын, «Манас» эпосунан үзүндүнү, ошондой эле комузда «Эргиме», «Ак тамак Көк тамак» элдик күүлөрүн, «Койчулардын конур күү» аттуу күүсүн кыргыздын чогойно чоордо үйлөмө аспабында аткарышты.

Иш-чаранын соңунда чогулган конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы даам татууга тартууланды.

Маалымат үчүн: Women’s International Club Индияда аккредиттелген чет өлкөлүк элчиликтердин дипломат аялдарынан жана кабыл алуучу өлкөдөгү коомдук уюмдардын лидер аялдарынан турат. Клубда 135ке жакын мүчө бар, алардын максаты ар түрдүү маданияттын жана жамааттардын ортосундагы маданий карым-катнашты өнүктүрүү болуп саналат.