Адылбек Касымалиев Чынгыз Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу, мамлекеттик ишмери жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкек шаарындагы жазуучунун үй-музейине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев үй-музейдин учурдагы абалы, музей материалдарын сактоо шарттары, ошондой эле Чынгыз Айтматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаган экспозиция менен таанышты.
Адылбек Касымалиев үй-музейдин уникалдуулугун белгилеп, аны көрүнүктүү жазуучунун жашоосу жана чыгармачылыгы менен байланышкан өзгөчө маанилүү жай экенин баса белгиледи.
Иш-сапардын жүрүшүндө музейдин мындан аркы ишмердүүлүгү, музей комплексинин инфраструктурасын өнүктүрүү келечеги боюнча маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын Планына ылайык, Бишкек шаарында «Айтматов ордосу» комплексин түзүү боюнча долбоордук иштерди жүргүзүү, сынак жарыялоо жана курулуш иштерин уюштуруу каралган.
Иш-сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
