Бишкекте Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды
Маданият министрлиги
18 август

Бишкекте Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде 18-августта «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм көргөзмөсү» аталышындагы эл аралык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь музейинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында уюштурулуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий диалогду бекемдөөгө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки элдин өз ара түшүнүшүүсүн тереңдетүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргызстандын мМамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, Азербайжандын Кыргызтандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Беларустун Кыргызстандагы элчиси С. П. Молунов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси С. И. Вакунов, ошондой эле Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия музейинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө видеобайланыш аркылуу Тяньцзинь музейинин директору Бай Цзюньфэн жана Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия музейинин директору Ван Шиин көргөзмөнүн катышуучуларын куттуктап, музейлер аралык кызматташтыктын мамлекеттер аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанисин белгилешти.

Экспозицияга Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия музейинин коллекцияларынан алынган уникалдуу тарыхый жана көркөм экспонаттар коюлуп, 2026-жылдын 15-ноябрына чейин уланат.