Бишкекте Эл аралык эне тил күнү белгиленди
20 февраль

Бишкекте Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бишкектин Октябрь районундагы №17 орто мектепте жыл сайын 21-февраль белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Муниципалдык администрация «Шайыр балалык» балдардын чыгармачылык борбору менен биргеликте уюштурган иш-чарада атайын даярдалган концерттик программа тартууланды.

«Шайыр балалык» балдардын чыгармачылык борборунун жамааты ырларды, улуттук бийлерди, музыкалык жана көп улуттун каада-салтын чагылдырган чыгармаларды аткарышты.

Иш-чара эне тилдерди сактоо, тил мурастарын аздектөө жана элдердин биримдигин чыңдоо максатын көздөп, ошондой эле эне тилдин баркын, улуттук маанисин жана улуттун өнүгүшүндөгү жана гүлдөшүндөгү эбегейсиз ролун көрсөтүү максатында уюштурулду.