Бишкекте XIV республикалык театр фестивалы өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Бишкекте XIV республикалык театр фестивалы өтөт

Ушул жылдын 26–30-октябрь күндөрү Бишкек шаарында кыргыз профессионал театрынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Мааракеге карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан фестиваль улуттук театр искусствосунун жетишкендиктерин даңазалоого, чыгармачылык тажрыйба алмашууга жана театр өнөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн 10 мамлекеттик жана муниципалдык театр катышып, көрүүчүлөргө мыкты спектаклдерин тартуулашат. Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, бир катар атайын номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Спектаклдер Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын, ошондой эле Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын сахналарында көрсөтүлөт.

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 26-октябрда саат 15:00дө, ал эми жабылыш аземи 30-октябрда саат 17:00дө өтөт.

Фестивалдын алкагында көрсөтүлүүчү спектаклдерге кирүү акысыз.