Режиссер Садык Шер-Нияз Түркияда өткөн фестивалда сыйлык алды
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Режиссер Садык Шер-Нияз Түркияда өткөн фестивалда сыйлык алды

Кыргызстандык режиссер Садык Шер-Нияз Түрк дүйнөсүнүн документалдуу кинофильмдеринин 11-фестивалында сыйлык алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чара Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясы тарабынан Кечиорен муниципалитетинин колдоосу менен уюштурулуп, түрк элдеринин маданий мурасын сактоого багытталган.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу ар кандай номинациялар боюнча 21 лауреатты сыйлап, документалдуу кино өнөрүнүн өкүлдөрүнүн маданий баалуулуктарды сактоого, жайылтууга жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүүгө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Салтанаттын маанилүү учурларынын бири катары белгилүү кыргыз кинорежиссёру, сценарист, коомдук ишмер жана Кыргыз Республикасынын Француз Республикасындагы элчиси Садык Шер-Ниязга сыйлык тапшырылды.

Бул сыйлык анын Түрк дүйнөсүнүн кинематографиясын өнүктүрүүгө, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтууга жана кино искусствосу аркылуу эл аралык байланыштарды чыңдоого кошкон өзгөчө салымын таануунун белгиси катары ыйгарылды.